Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн дзюдо боюнча аялдар улуттук курама командасы Азия Кубогуна катышат

Турнир 14-16 май аралыгында Алматы шаарында өтөт

Бүгүн дзюдо боюнча аялдар улуттук курама командасы кадеттер арасындагы Азия Кубогуна катышат. Бул тууралуу Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, дзюдо боюнча Кыргызстандын аялдар курама командасынын мүчөлөрү 14-16-май аралыгында Алматы шаарында өтө турган кадеттер арасындагы Азия Кубогуна катышат.

Спортчулардын тизмеси:

1. Жанар Жолдошева, МС, 52 кг.

2. Адина Кочконбаева, МС, 57 кг.

3. Ирина Черемушкина, CCM, 48 кг.

4. Елена Исакова, улук машыктыруучу.

Белгиленгендей, спортчулар Алматыга Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлгөн.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх