Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

138 баткендик бала Ысык-Көлдө эс алышат

Жардам катары балдарга ар бирине үч миң сомдон берилди

Кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде жашаган 138 бала Ысык-Көлдө эс алышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Коомдук ишмер, теле алып баруучу Ассоль Молдокматова чек ара айылдарында жашаган баткендик балдар менен жолугушту. Алар менен жакындан таанышып, 3 миң сомдук материалдык жардам көрсөттү.

Ал балдарга кийим-кече тапшырып, ата-энеси менен макулдашканы - 27-майда учак менен балдарды Ысык-Көлгө он күндүк эс алууга алып барганы көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, 29-апрелде Лейлек районунун айылдары тажик аскерлеринин колуна түшүп калган. Чек ара жаңжалында 190 кыргызстандык жапа чегип, 36 адам каза болгон. Алардын арасында эки бала болгон.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх