Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Россиянын медициналык мекемелерине апалары таштап кеткен беш жаш бала Кыргызстанга алынып келинди

Балдарды мекенине кайтаруу КРнын РФдагы Элчилигинин көмөгү менен уюштурулууда

Россия Федерациясынын медициналык мекемелеринде энелери таштап кеткен 2 жашка чейинки беш бала, Москва шаарынан жана Россия Федерациясынын Москва облусунан Кыргызстанга кайтарылды.

Балдарды мекенине кайтаруу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин жардамы менен уюштурулууда. Кыргыз Республикасынын аймагына келгенден кийин балдар убактылуу балдар мекемелерине жайгаштырылат. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги мындан ары биологиялык үй-бүлөлөр менен биригүү үчүн балдардын туугандарын издеп жатат.

Белгилей кетсек, быйыл ата-энесинин камкордугусуз калган 11 бала мекенине кайтарылды. Алты бала Россия Федерациясынан.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх