Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык дзюдочулар кадеттер жана өспүрүмдөр арасындагы Азия Кубогунда үч алтын медалды жеңип алышты (сүрөт)

Эл аралык турнир Алматы шаарында өттү

14-16-май аралыгында Алматы шаарында өткөн өспүрүмдөр жана кадеттер арасындагы Азия Кубогунда Кыргызстандын дзюдочулары 3 алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин расмий сайтында пайда болду.

Азия Кубогунун жеңүүчүлөрү кадет спортчулар Адина Кочконбаева (57 кг чейин) жана Эржан Канатбеков (73 кг чейин), ошондой эле өспүрүм Ажар Исаева (63 кг чейин) болду.

Азия Кубогуна Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстандан 250гө жакын спортчу катышты.

 КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх