Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткен районунун жашоочулары үчүн 5 миллион сомдон ашык каражат Бишкек мэриясынын атайын эсебине которулду

Каржылык жардам камкор жарандар, ишкерлер, коомдук ишмерлер, журналисттер жана муниципалитеттин кызматкерлери тарабынан көрсөтүлдү

2021-жылдын 30-апрелинен бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарынын мэриясынын атайын эсебине 5 миллион 832 миң 545 сом которулган.

Баткен районунун жашоочулары үчүн материалдык жардамды камкор жарандар, ишкерлер, коомдук ишмерлер, журналисттер жана муниципалитеттин кызматкерлери көрсөтүштү. Каражат КРнын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын атайын эсебине которулган.

Эске салсак, шаардык мэрияда мекендештерди колдоо үчүн ыктыярдуу жыйымдар үчүн бирдиктүү атайын эсеп ачылып, төмөнкүлөрдү алган:

- жеке адамдардан - 934 520 сом;
- юридикалык жактардан - 273 437 сом;
- мэриянын кызматтарынан - 4 миллион 207 973,3 сом;
- “Элсом” - 416 615 сом;

Бишкек шаарынын мэриясы четте турбай, Баткен облусунун тургундарын колдогондордун бардыгына ыраазычылык билдирет.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх