Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары Унжу-Булак аймагындагы чек ара тилкесин кайтарбай турган болушту

Тараптар бул аймактын эл аралык юридикалык каттоосун күтүүнү чечишти

Бүгүн саат 12: 30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу.

Бир күн мурун, 18-майда, Ош облусунун Алжу району Унжу-Булак аймагында, Ляхш багытындагы Тажикстандын чек ара өкүлдөрү менен Кыргызстандын Ош багытындагы чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тозоттору ушул бөлүм эл аралык юридикалык каттоодон өтмөйүнчө, Унжу-Булак аймагындагы мамлекеттик чек араны кайтарбай тургандыгы жөнүндө чечим кабыл алынды. Биргелешип күзөтүү тараптардын макулдашуусу менен гана жүргүзүлөт.

Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан КР УКМКнын ЧК чек ара бөлүмдөрү кадимкидей нөөмөттө турушат.

УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх