Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Адис Өмүралиев прокуратуранын Ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп шайланды

Курманкул Зулушев белгилегендей, прокуратура органдары ардагерлер кеңешине өзгөчө көңүл бурат

Бир күн мурун, 20-майда Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин катышуусунда прокуратуранын ардагерлер кеңешинин конференциясы болуп өттү.

Ага Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ардагерлери, ошондой эле онлайн байланыш аркылуу аймактардан келген ардагерлер катышты.

Жыйында Ардагерлер кеңешинин төрагасын, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жана Кеңештин уставын бекитүү маселелери каралды.

Адис Өмүралиевдин талапкерлиги бир добуштан кабыл алынды. Шайланган төрага прокуратура органдарынын ардагерлерине байланыштуу көйгөйлөргө токтолуп, ардагерлер фондун, ардагерлер үйүн ачуу зарылдыгын белгиледи.

Конференцияда каралган маселелер боюнча чечимдерди кабыл алгандан кийин Башкы прокурор Зулушев катышуучуларга аткарылган иштер, алдыдагы пландар жөнүндө маалымат берди.

Конференциянын жүрүшүндө ардагерлер бир катар суроолорду жана сунуштарды билдиришти, аларга катышуучулар тиешелүү жоопторун алышты.

Иш-чаранын аягында көзөмөл органынын башчысы прокуратура органдары ардагерлер кеңешине өзгөчө көңүл бурарын белгилеп, мыйзамдуулукту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх