Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Иштен чыгарылган вакциналардын чуусу. Алтынкыз Аралбаева №1 ҮМБнын жаңы директору болуп дайындалды

Мурунку директор "Sputnik V" препараты менен болгон окуядан улам жумуштан бошотулган

Алтынкыз Аралбаева Бишкек шаарынын Ленин районундагы №1 ҮМБдин директору болуп дайындалды. Бул туурасында Vesti.kg редакциясына Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 30-апрелде №2 ҮМБда Sputnik V вакцинасынын биринчи компонентинин 994 дозасы сакталбай калган. Бул факт боюнча Иммунопрофилактика борборунун адистеринин катышуусунда комиссиялык иликтөө иштери жүргүзүлдү. Тоңдургуч электр розеткасынан ажыратылгандыгы жана тоңдургучтун өзү иштөө абалда экени аныкталды.

Дары менен болгон окуядан улам, №2 Үй-бүлөлүк медицина борборунун жана Ленин районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчилери кызматынан бошотулган.

Ленин районунун №1 үй-бүлөлүк медицина биргелешкен борборунун мурунку директору Нурлан Галбаев Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2021-жылдын 21-майындагы №170 буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган. Ал Эмгек кодексинин 83-беренесинин 11-пунктуна ылайык, эмгек милдеттерин бир жолу одоно бузгандыгы үчүн кызматтан бошотулган.

Кызматтан алынышына Республикалык иммунопрофилактика борборунун директорунун жана медициналык жардамды уюштуруу жана калктын саламаттыгын сактоо бөлүмүнүн башчысынын кызматтык каты себеп болгон.

Жакында №1 ҮМБнин 100гө жакын кызматкери Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын алдына митингге чыгышты.

Дарыгерлер №1 ҮМБнын директору Нурлан Галбаевдин кызматтан алынышына нааразычылыгын билдиришти. Алар бул №2 ҮМБ көйгөйү гана деп эсептешет.
Белгилей кетсек, бул ишти Башкы прокуратура карап жатат.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх