Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19дун 298 жаңы учурлары аныкталды

314 адам айыгып, 3,5 миңден ашуун жаран дарыланууда

25-майга карата республикада COVID-19дун 298 жаңы учуру катталды. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги келтирет.

Алардын ичинен Бишкек шаарында - 144, Ош шаарында - 23, Чүй облусунда - 86, Ош облусунда - 7, Талас облусунда - 2, Нарын облусунда - 13, Ысык-Көл облусунда - 18, Жалал-Абад облусунда - 5, Баткен облусунда - 0.

Акыркы сутка ичинде республикада 314 бейтап айыгып, лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган COVID-19 диагнозу менен чыгарылды.

Бүгүнкү күнгө чейин республикада стационардык дарыланууда 1575 бейтап, ал эми амбулатордук дарылоодо 2200 бейтап бар.

Өткөн суткада COVID-19дон 8 өлүм катталды.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх