Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улукбек Марипов мектеп окуучуларын акыркы коңгуроо майрамы менен куттуктады

Кабмин ар бир адам аралыкта окутуунун кыйынчылыктарын иш жүзүндө сезип жаткандыгын белгиледи

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов окуучуларды окуу жылынын аякташы менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

Кымбаттуу окуучулар жана бүтүрүүчүлөр!

Силерди жашооңуздардагы мыкты жана кубанычтуу окуя – «Акыркы коңгуроо» майрамыңыздар менен чын ниеттен куттуктайм!

Бул күн – мектеп окуучулары үчүн окуу жылынын аякташын, ал эми бүтүрүүчүлөр үчүн мектеп менен коштошуу жана жашоодогу жаңы баскычка кадам таштаган эсте калаарлык маанилүү учур.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу окуу процесси бир катар кыйынчылыктарга кездешти.

Мугалимдерге, окуучуларга жана ата-энелер үчүн да жөнөкөй болгон жок. Биз аралыктан окутуунун татаалдыгын сездик.

Андыктан, биринчи кезекте мугалимдерге пандемия шартындагы берилип иштеген эмгеги, ошондой эле окуучуларга жана ата-энелерге чыдамдуулугу жана колдоо көрсөтүүсү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет.

Ушул кубанычтуу күнү жалпыңыздарга чоң жашоо агымына аралашууда ак жол каалап кетким келет! Учурдагы көп кырдуу дүйнөдө силер үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр ачык! Сөзсүз түрдө кыялыңардагы кесиптин ээси болуп, келечекте жалпыга кызмат кылчу жаңы билим-илимге ээ болуңуздар. Өзүңүздөргө терең ишенип, бийик максаттарга умтулуңуздар!

Дал ушул силерден жана силердин күч-аракетиңерден өлкөнүн эртеңки келечеги көз каранды!

Ак жол силерге, кымбаттуу бүтүрүүчүлөр!

Каникулуңар кызыктуу жана пайдалуу өтсүн, кымбатуу мектеп окуучулары!

Кабминдин маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх