Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эми Чүй облусунун эки районунун жашоочулары Бишкектеги мектепке баласын электрондук каттоо аркылуу жайгаштыра алышат

Баланы 15-августка чейин онлайн режиминде каттоодон өткөрүү керек

2021-жылдын 15-февралынан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта, Токмок, Каракол, Нарын, Талас, Баткен жана Кара-Суу шаарларында “Мектепке балдарды электрондук каттоо” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу 2021-2022-окуу жылына 1-класска балдарды кабыл алуу жүрүүдө.

Ушул жылдын 31-майынан тартып Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунун тургундары үчүн “Мектепке балдарды электрондук каттоо” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу балдарын микроучастоктон тышкары Бишкек шаарынын мектептерине каттоо мүмкүнчүлүгү берилди.

Арыз берүүчү – баланын ата-энеси / мыйзамдуу өкүлү 15-августка чейинки мезгилде мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарындагы 1-класстан орун алуу үчүн ошол мектептеги окутуу тилин эске алуу менен онлайн режимде www.mektep.edu.gov.kg сайтындагы “Мектепке балдарды электрондук каттоо” автоматташтырылган маалыматтык системасына мектеп курагына жеткен (6-7 жана андан жогору жаштагы) баласын каттоого милдеттүү.

КР БИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх