Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы: Иш таштаган кичи автобустардын айдоочулары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Транспорттук компаниялар менен жолугушуу болуп өткөнү белгиленди

Транспорттук блоктун жетекчилиги кичи автобустар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Азырынча эч кандай конкреттүү жыйынтык жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, бир күн мурун шаардык транспорт башкармалыгы маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштоону пландап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөндө, транспорттук компаниялар менен жолугушуу өткөргөн. Жолугушууга борбор шаардын акимиаттарынын, укук коргоо органдарынын жана жүк ташуучулардын өкүлдөрү чакырылды.

Белгиленгендей, муниципалитет түздөн-түз айдоочулар менен иштешпестен, транспорттук компаниялар менен иштешет. Компаниялардын жетекчилери мындай кырдаалга кызыкдар эместигин билдиришти, анткени келишимде кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетсе, анда алар борбор шаарды коомдук транспорттор менен камсыз кылышы керек деп айтылган, натыйжада компания менен түзүлгөн келишим бузулат.

Бул маселе менен укук коргоо органдары алектенип жатканы көрсөтүлгөн жана бардык жүк ташуучу компанияларга мындай нерсе болуп кетсе, келишим бузулат деп эскертилген.

Транспорттук компаниялардын өкүлдөрүнүн айтымында, айдоочулардын 90% га жакыны иш таштоону пландаштырган эмес, бирок алардын арасында кырдаалды жараткан деструктивдүү күчтөр бар (5-10 адам).

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх