Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курч

Тажик тарап белгисиз аймакка түнкүсүн контейнер орното баштады

УКМКнын чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал курч мүнөздө экендигин белгилейт.

Тажик тарап кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тараптардын өкмөттөр аралык делегацияларынын буга чейин жетишилген бардык макулдашууларын бузуп, саат 03:00 чамасында чек аранын белгисиз бөлүгүнө контейнерди орнотуп баштады Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак участкасы Кыргыз Республикасынын аймагына 1 000 метрге чейин кирип алышкан. Ошол эле учурда, тажик тарапта автоунааларда жана жеңил брондолгон унааларда аскер кызматкерлеринин топтолушу байкалууда.

УКМКнын чек ара кызматы жаңжалдын курчуп кетпеши үчүн бардык чараларды көрүп жатат.

УКМКнын маалымат кызматы
Сүрөт Vesti.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх