Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Белгилүү куудул Рахман Разыков каза болду

Ал "Бийликте үч пахан турганда биздин абал оңолбойт" тамашасын койгон

Белгилүү сатирик Рахман Разыков каза болду. Бул маалыматты анын туугандары тастыкташты.

Белгиленгендей, куудул ооруп жүргөн.

Разыков 66 жашта болчу. Ал Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айылында төрөлгөн. Ал чыгармачыл жамааттардын негиздөөчүсү, курч саясий сатиранын автору болгон, тасмаларда роль жараткан.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгы юмористтер Рахман Разыков менен Абдылда Иманкуловго “Үч пахан” интермедиясы менен концерт коюуга тыюу салган.

Январь айында Разыков УКМК аларды "Оңолмок беле биз качан, ордодо турса уч пахан" (Бийликте үч пахан турганда биздин абал оңолбойт, - деп жооп бергенден кийин суракка чакыргандыгын айткан. ).

Ал парламенттик шайлоого бир эмес эки жолу катышкан. Акыркы шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынан талапкерлигин көрсөткөн.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх