Ысык-Ата районунда инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү аянтчасы ачылды
Аянт инклюзивдик класстардын мугалимдери үчүн өзгөчө жай жана алардын өзүн-өзү ишке ашыруусу үчүн түзүлгөн
Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү аянтчасынын ачылыш аземи Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Буденов атындагы орто мектебинде өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, аянт Ысык-Ата аймагындагы инклюзивдик класстардын мугалимдери үчүн өзгөчө жай болуп саналат жана алардын өзүн-өзү ишке ашыруусу үчүн түзүлгөн. Ресурстук борбордун масштабына киргизүү үчүн аянтты андан ары өнүктүрүү күтүлүүдө.
Аянтчанын максаттары:
- Инклюзия шартында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутууда мугалимдерге консультативдик жана усулдук жардам көрсөтүү;
- инклюзивдик класстардын мугалимдери үчүн мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын психофизикалык өзгөчөлүктөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен окуу-методикалык комплексин жана жеке программаларын иштеп чыгуу;
- мугалимдердин тажрыйбасы менен алмашуу;
- инклюзивдик билим берүүнүн актуалдуу маселелери боюнча семинарларды жана конференцияларды өткөрүү.
Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды Ысык-Ата районундагы массалык мектептерге кошуу тажрыйбасы балдардын жалпы өнүгүүсүнүн, балдардын билим жана коомдук көндүмдөрүн өздөштүрүүсүнүн оң тенденциясын көрсөттү. Белгилей кетчү нерсе, бул тажрыйба мектеп жамааттарында инклюзивдик чөйрөнү түзүүгө жана ата-энелердин компетенттүүлүгүн жогорулатууга салым кошту.
Бул иш-чара Баланын укуктарын коргоочулардын лигасы КФ, Ар бир балага өнөктөштүк (Молдова), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте, Европа Бирлигинин колдоосу менен, “ Кыргыз Республикасынын балдары үчүн жагымдуу үй-бүлөлүк шарт ».
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www