Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абайлаңыз! Шамал Бишкекке жакындап келе жатат

Гидрометеорологиялык борбордун маалыматы боюнча, шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетиши мүмкүн

Гидрометеорологиялык борбордун билдирүүсү боюнча, 10-июнда Бишкек шаарында туруксуз аба ырайы күтүлөт, шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кырсыктардан жана жеке мүлккө зыян келтирбөө үчүн муниципалитет айдоочуларга унааларын бак-дарактардын жана жеңил салмактагы нерселердин жанында токтотпоону сунуштайт.

Эгерде сиз бак-дарактардын же башка нерселердин кулагандыгына күбө болсоңуз, анда шаардык мэриядан 1840, 1850 номерлери боюнча кабарлап коюуну суранабыз. Сүрөттөр жана видео фактылар үчүн муниципалитеттин WhatsApp каналы иштеп жатат: 0 (554) 182-185.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх