Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москва командасы Чыңгыз Айтматов атындагы Көк-Бөрү Кубогун жеңип алышты (сүрөт)

Турнирге Кыргызстан жана Россиядан төрт команда катышты

Москва командасы көк бөрү боюнча эл аралык мелдеште Чыңгыз Айтматов Кубогун жеңип алышты. Бул тууралуу Кыргызстандагы Көк Бөрү федерациясынан билдиришти.

Анын айтымында, кечээ Сергиев Посад шаарында (Россия Федерациясынын Москва облусу) 2021-жылы Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын Кросс жылына даярдык көрүүгө арналган Чыңгыз Айтматовдун Кубогу үчүн көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү.

Маалым болгондой, турнирге Кыргызстан жана Россиядан төрт команда катышкан. Москва, Иркутск жана Подольск шаарларынын командаларын эки кыргыз оюнчусу ойноду.

Жарым финалда Подольск командасы Атуул командасы (Кыргызстан) менен беттешип, 12: 2 эсеби менен 3-орунду ээледи. Финалдык беттеште Москва облусунун командасы Иркутск командасын 4: 1 эсебинде утуп, Чыңгыз Айтматов Кубогун жеңип алышты.

Мындан тышкары, Москва районунун командасынан Шекербек уулу Бообек турнирдин мыкты оюнчусу деп табылды. Мыкты деген наамга Бойка аттуу жылкыга берилди (Иркутск командасы).

Маалым болгондой, көк бөрү боюнча кыргыз спортчулары Москва облусуна 12-14-июнь күндөрү Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлгөн.

Турнир "Россия Дүйнөсү" Россиянын жана Евразия өлкөлөрүнүн V дене тарбия фестивалынын алкагында өткөрүлдү. Турнирдин уюштуруу комитетинин курамына Спортту жана тынчтыктын маданиятын жайылтуу боюнча региондор аралык коомдук фондунун, Россиянын Элдеринин Ассамблеясынын, Москва облусунун Дене тарбия жана спорт министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Көк Бөрү Федерациясынын өкүлдөрү кирет .

Мелдештер КР Көк бөрү федерациясынын эрежелери боюнча өттү.

 



Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх