Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанга 50 миң дозалык QazVac вакцинасы келет

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, дары орусиялык "Sputnik V"  негизинде даярдалган

Ушул жума күнү Кыргызстанга QazVac коронавирус инфекциясына каршы казакстандык вакцина берилет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, каалаган кыргыз жараны эмделе алат.

"Мен казак тарап менен 10 күн сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм" деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы. - Алар жума күнү 50 миң доза QazVac гуманитардык жардам катары жеткиребиз деп убада беришти. Кыргызстандан каалаган адам эмделе алат.

Бейшеналиев казакстандык вакцина коопсуз жана орусиялык «Спутник V» вакцинасынын негизинде жасалгандыгын баса белгиледи.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх