Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жашылча-жемиштердин баасы июнь айында 16,4 пайызга жогорулады

Сабизге, картошкага, өрүккө жана алмага баанын эң жогорку деңгээлде көтөрүлгөнү белгиленди

Быйыл июнь айында, май айына салыштырмалуу, жалпы республика боюнча жер-жемиштердин баасы 16,4 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Анын айтымында, ушул мезгилде жашылчалар 19,5 пайызга, мөмө-жемиштер 6,4 пайызга кымбаттаган (жаңы жемиштерге баанын өсүшүнөн улам - 7 пайыз). Ошол эле учурда, сабиздин - 1,6 эсеге, картошкага - 36,3 пайызга, өрүккө - 2,2 эсеге жана алмага - 15,4 пайызга кымбаттаганы байкалган.

Бишкекте картошканын чекене баасы республиканын орточо көрсөткүчүнөн ашты (килограммы 58,44 сом). Сабизге болгон эң жогорку баанын көтөрүлүшү Баткен облусунда - 1 кг үчүн 77,4 сом жана Нарын облусунда - 75,46 сом, ошондой эле Бишкек шаарында - 1 килограмм үчүн 75,09 сом.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх