Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин айрым райондорунда газ жана ысык суу өчүрүлөт

Мэрия кечирим сурайт жана жарандардан тамак бышыруунун альтернативдүү булактарына убактылуу өтүүнү суранат

"Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалыматы боюнча, ушул жылдын 28-июнунан 9-июлуна чейин баш калаанын айрым райондорунда жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.

1976-жылы пайдаланууга берилген жер үстүндөгү орто басымдагы газ түтүгүндөгү эски жабдууларды оңдоп-түзөөгө жана алмаштырууга байланыштуу жаратылыш газы өчүрүлөт.

Төмөнкү көчөлөрдө : Садырбаева, Л.Толстой, р. Ала-Арча, Миңжылкыев, Тыналиев, Масалиев, "Жал-23", "Ротор" отканасы.

Ушул себептен, "Бишкектеплоэнерго" коммуналдык ишканасы төмөнкү даректерге жылуулук энергиясын ысык суу түрүндө берүүнү токтотушу керек болот:

- "Жал" кичи району;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;
- №5 мончо жана кир жуучу комплекс;
- №20 кесиптик лицейи;
- №99 Кесиптик лицей;
- №91 кесиптик лицейи.

Бишкек шаардык мэриясы жана "Газпром Кыргызстан" компаниясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурашат жана абоненттерден учурда тамак бышыруунун альтернативдүү булактарына өтүүнү өтүнүшөт.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх