Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте КРнын медицина кызматкерлеринин күнү белгиленди

Борбор калаанын төрт районунда тең дарыгерлерге сертификаттар жана баалуу белектер тапшырылды

Борбор калаанын акимиаттары медицина кызматкерлерин жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде белгиленүүчү кесиптик майрамы менен куттукташты.

Коронавирус пандемиясынын контекстинде бүгүнкү майрам өзгөчө мааниге ээ. Анткени, Ковид-19 вирусуна каршы күрөштүн негизги түйшүгү дарыгерлер менен медайымдардын мойнуна жүктөлгөн.

Аким Максат Нусувалиев Биринчи Май районунун дарыгерлерин куттуктап, муниципалдык администрациянын Ардак грамоталары менен сыйлады.

Ошондой эле, Ленин районунун башчысы Мурат Осмонов саламаттыкты сактоо кызматкерлерин майрамы менен куттуктады. Иш-чаранын жүрүшүндө саламаттыкты сактоо жаатындагы милдеттерин аткарууда өзгөчөлөнгөн медицина кызматкерлери Ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Октябрь району тарабынан уюштурулган майрамдык иш-чарага райондун 17 саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү катышты. Аким Данияр Арпачиев бардыгын куттуктады. 51 дарыгер шаардык администрациянын Ардак грамотасы менен сыйланышты, аларга баалуу белектер тапшырылды.

Свердлов районунун башчысы Бахтияр Карамшаков дагы өз аймагынын медицина кызматкерлерин чын жүрөктөн куттуктады. Ак ниеттүүлүк жана жан аябастык менен иштегендиги, ыкчамдыгы жана кесипкөйлүгү үчүн 25 медицина кызматкерлери Ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.

Урматтуу саламаттыкты сактоо кызматкерлери! Жан аябас эмгеги жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн чын жүрөктөн чыккан ыраазычылык сөздөрүмдү айтууга уруксат этиңиз, сизге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана кыйын жана асыл ишиңизде ийгиликтерди каалайм!

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх