Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Катуу шамал Бишкекке жакындап келатат

Буга байланыштуу мэрия автоунаа айдоочуларга унааларын бак-дарактардын жана жеңил объектилердин жанына койбоого кеңеш берет

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кийинки саатта жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй облусунда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Кырсыктардан жана жеке мүлккө зыян келтирбөө үчүн Бишкек мэриясы автоунаа айдоочуларга унааларын бак-дарактардын жана жеңил салмактагы нерселердин жанына койбоону сунуштайт.

Урматтуу жарандар! Катуу шамал болгондо этият болуңуздарды өтүнөбүз. Өзүңдү сакта!

Эгерде сиз бак-дарактардын же башка нерселердин кулагандыгына күбө болсоңуз, анда биз менен байланышыңыз: 1840, 1850. Бишкек шаардык мэриясынын WhatsApp каналы фото жана видео үчүн иштеп жатат: 0554182185.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх