7-июлга карата Кыргызстанда COVID-19 жана пневмония ооруларынын 1198 учуру катталды
Бир күндө тогуз адам көз жумду
7-июлга карата республика боюнча күнүнө жалпысынан 1198 жаңы COVID-19 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Алардын ичинен Бишкекте 717, Ошто 60, Чүйдө 142, Ошто 75, Таласта 4, Нарында 20, Ысык-Көлдө 39, Жалал-Абадда 53, Баткенде 88.
Бардык мезгилде жалпысынан 134 501 учур катталган.
Өткөн суткада COVID-19дон 9 адам каза болду.
Сүрөт Vesti.kg
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз