Бишкектеги коомдук транспорт шайлоо күнү күчөтүлгөн режимде иштейт
11-июлда автобустар менен троллейбустар таңкы саат 6дан 11ге чейин иштешет
Бишкекте коомдук транспорт шайлоо күнү, 11-июлда, күчөтүлгөн режимде таңкы 6дан 11ге чейин иштейт.
Эскерте кетсек, 11-июлда шаарда Бишкек шаардык кеңешине кайрадан шайлоо болот.
Шаарда 228 шайлоо участкалары бар: Ленин районунда - 62 УШК, Октябрьский - 59, Биринчи Май - 49, Свердловск - 58.
Буга чейин вице-мэр Виктория Мозгачева шайлоо өткөрүү боюнча штабда оорулуу жарандарга өзүнчө шарттар түзүлөт деп билдирген.
Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз