Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мэрдин м.а көчөдө калган 91 жаштагы шаардык аялга жардам берди

Бактыбек Кудайбергенов ага убактылуу турак-жай берген

Мэрдин м.а Бактыбек Кудайбергенов 91 жаштагы шаардык аял Керез Оморовага жардам берди. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин маалымат каражаттары 91 жаштагы Керез Оморова жана анын үй-бүлөсү микрокредиттик компаниянын курмандыгы болгонун жазып чыгышкан. Натыйжада чоң эне үйүнөн ажыраган.

Ал жардам сурап президентке кайрылган.

"Кечээ, 13-июлда маалымат каражаттары пайда болору менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов тезинен чоң эне менен жолугушту", - деп билдирди шаардык муниципалитет. - Ага убактылуу турак-жай, материалдык жардам, биринчи керектелүүчү буюмдар жана сатылып алынган тамак-аш берилди.

Бул маселе мэрдин өзгөчө көзөмөлүндө экендиги белгиленди.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх