Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда милиция кызматкерлерин эмдөө башталды

ИИМ борбордук аппаратынын, ошондой эле Нарын жана Ош облустарынын ИИБнын кызматкерлери  коронавирустук эмдөөдөн өтүп жатышат

Бир күн мурун, 14-июлда, Ички иштер министрлигинин Медициналык башкармалыгы №5 Үй-бүлөлүк медицина борбору менен биргеликте, ИИМдин борбордук аппаратынын, Нарын, Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине эмдөө башташты. 

Ички иштер министрлигинин дарыгерлери жана медайымдары милиция кызматкерлерине өз алдынча эмдөө жүргүзүшөт.

Вакцина №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан берилет, аймактарда кызматкерлер мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунан кошумча тартылышат.

COVID-19 вакцинасы натыйжалуу тестирлөө жана учурдагы профилактикалык иш-чаралар менен айкалыштырып, пандемияны көзөмөлгө алууга жардам берет.

ИИМдин басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх