Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Веложолду боёгон активисттерге чара көрүлөт

Акимиат Биринчи Май райондук ИИБга кат жөнөттү

Вело жолун жашыл боёк менен боёгон "Пешком" кыймылынын активисттерине чара көрүлөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, Биринчи Май Акимиаты шаардык кызматтар менен биргеликте сүрөт тарылган жолду көрүштү. Санитардык-экологиялык инспекциясы Бузуулар кодексине ылайык чара көрүү беренеси жок экендигин тактады.

Маалым болгондой, ушул себептен акимиат Биринчи май РИИБне "Пешком" кыймылынын активисттерине мыйзам чегинде чара көрүү боюнча кат жөнөткөн.

Эске салсак, Абдрахманов көчөсү боюнча веложолду активисттер жашыл боёк менен сырдашкан.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх