Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Япония биздин сакуранын формасын көрө алабы? УОК спортчулардын парады жокко чыгарыла элек деп билдирди

Олимпиаданын ачылышында спортчулардын парады жокко чыгарылганы тууралуу Кыргызстанга азырынча маалымат келе элек

Токио Олимпиадасынын ачылышында спортчулардын парады жокко чыгарылганы тууралуу Кыргызстанга маалымат берилген жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов билдирди.

- Спортчулардын парады жокко чыгарыла элек, - деди УОКтун башчысы. - Бул тууралуу бизге эч ким айткан жок. Бул маалыматты баардыгы кайдан алаарын билбейм.

Vesti.kgнин редакциясы парад жокко чыгарылса, спортчулардын параддык формасы эмне болот деп сурады.

"Жокко чыгарылбайт деп ойлойм", - деп жооп берди УОКтун баш катчысы.

Ошол эле учурда, Беларуссиянын ЖМКлары Беларуссиянын УОКунун басма сөз кызматына шилтеме берүү менен, Токиодогу ХХХII Олимпиада оюндарынын уюштуруучулары Олимпиаданын ачылыш аземинде спортчулардын салттуу парадынан баш тартуу чечимин кабыл алышкандыгын жазышууда.

Эскерте кетсек, ачылышы 23-июлда Улуттук олимпиадалык стадиондо болот.

Жалпыга маалымдоо каражаттары мындай чечим 15-июлда ЭОКтун президенти Томас Бахтын катышуусу менен өкүлчүлүктөрдүн башчыларынын жолугушуусунда кабыл алынгандыгын белгилешти.

Маалым болгондой, уюштуруу комитети жана ЭОК биринчи кезекте спортчулардын ден-соолугун сактоону жакташат. Олимпиаданын ачылыш аземине катышуучулардын санынын чектелиши коронавирустун жайылуусунун алдын алуу менен да байланыштуу.

"Ар бир спортчунун максаты - Олимпиада оюндарына катышуу жана ага Токиодо көптөн бери күтүлүп жаткан старттын өтүшүнө эч нерсе тоскоол болбошу керек", - деп белгиледи Токио-2020 уюштуруу комитети.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх