Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинде кыргыз боз үйүнүн бет ачары болуп өттү (сүрөт)

Иш-чара КРнын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында өткөрүлдү

2021-жылдын 19-июлунда, Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчилигинде, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында, кыргыз боз үйүнүн бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, иш-чарага дипломатиялык корпустун, ишкер чөйрөлөрдүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын, Пакистандагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Элчиси Бейшембиев өз сөзүндө көчмөндөрдүн салттуу турак жайынын түзүлүшү жана жасалгасы жөнүндө айтып, боз үйдүн кыргыз эли үчүн терең символикалык маанисин белгиледи. Ошондой эле, ал өлкөнүн туризм потенциалы жана экотуризмдин популярдуулугу жөнүндө маалымат берип, конокторду Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Кыргызстандык боз үйдүн ийгиликтүү көрсөтүлүшү Пакистандагы коомчулуктун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн кызыгуусун жаратты.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх