Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаардык соту экс-депутат Арсланбек Малиевдин курулуш ишканасы менен үлүштүк менчикти бөлүштүрүү тууралуу доо арызын канааттандырган жок

Эки тарап ортосундагы соттук тиреш бир жарым жылдан бери уланып келген

Бишкек шаардык соту экс-депутат Арсланбек Малиев менен «Бабек ЛТД» ишканасынын ортосундагы үлүштүк менчикти бөлүштүрүү тууралуу соттук ишинде кайра ачылган жагдайлардын негизинде Биринчи май райондук соттун чечимин жокко чыгарды.
Белгилей кетсек, эки тарап ортосундагы соттук тиреш өткөн жылдын жаз айынан бери уланып келген.
Тактап айтсак, бир канча жыл мурун Арсланбек Малиев аталган ишкана менен борбор калаадагы Чокморов көчөсүндөгү 18 сотых жер тилкесине бирге 12 кабат үй куруу туралуу келишим түзгөн.
Аталган келишимге ылайык Малиев жер тилкесин берүүгө, ал эми ишкана ал жер тилкесине үй курууга милдеттенген. Курула турган турак жайдын 30 пайызына Малиев, калганына ишкана ээлик кылаары макулдашылган.
Бирок, куруу иштери аяктап батирлерди бөлүштүрүүдө Малиев менен «Бабек ЛТД» ишканасынын ортосунда пикир келишпестиктер пайда болуп, ишкана Бишкек шаардык райондор аралык сотуна доо азыр менен кайрылган.
Өткөн жылдын жаз айында аталган сот эки тараптын буга чейин түзгөн келишиминин негизинде чечим чыгарган. Бирок бул чечимге макул болбогон Малиев алгач Шааардык сотко, андан кийин Жогорку сотко даттанган. Бирок экс-депутат аталган инстанцияларда утулуп калган.
Малиев кайрадан Биринчи май райондук сотуна кайрадан ачылган жагдайлардын негизинде соттук чечимди кайрадан карап чыгуу жөнүндөгү арызын берип, аталган сот райондор аралык соттун чечимин жокко чыгарган. Ошондо «Бабек ЛТД» ишканасы аталган чечимди жокко чыгаруу жана райондор аралык соттун аныктамасын күчүндө калтырууну Бишкек шаардык соттон өтүнгөн.
Июль айынын башында шаардык сотто башталган соттук жүрүш кечээ 24 июлда аяктады. Судья Омуралиева Биринчи май райондук соттун чечимин жокко чыгарган чечим кабыл алды.
«Бабек ЛТД» ишканасынын жактоочусу Ильгиз Насиров, аталган чечим тууралуу сөзүндө шардык сот мыйзамдуу чечим чыгарганын белгиледи.
«Чечим ушундай болуш керек эле. Сот мыйзамдуу чечим чыгарганына кубанычтабыз», - деди ал.

Насиров, Малиев кайрадан Жогорку сотко кайрылышы ыктымалдыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, прокуратура органдарынын маалыматына ылайык, Арсланбек Малиев соттук тирешке себеп болгон Чокморов 164 дарегиндеги жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирген. Бул боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгы менен экс депутаттын ортосундагы соттук жүрүш Бишкек шаарынын Административтик сотунда уланууда

Ошондой эле Арсланбек Малиев бүтүм жасоого мажбурлоо, коррупция жана алдамчылык беренелери боюнда айыпталууда.

Алия Медет

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз

Комментарии  

# Баха 26.07.2021 15:30
Эн туура чечим кабыл алынды. Малиевтин бети бетонго такыр эле, жерди мыйзамсыз приватизация кылып эми дагы соттошуп журот, ой бай ушу биздин депуттарга тангаламда, уят деген тушунук такыр эле жок
Ответить | Ответить с цитатой | Цитировать
# Арман 26.07.2021 16:10
Арсланбек Малиев Тон районунан 3 ирээт ЖК депутаты болгон. Корсо элдин кызыкчылыгын коргобой эле, озунун кызыкчылыктарын коздоп жургон экенда. Ач коз адам экен!
Ответить | Ответить с цитатой | Цитировать
Ой-пикир кошуңуз


Наверх