Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Россиялык туристтер Тамчы аэропортунун тейлөөсүнө нааразы (сүрөт)

 "Аэропорттун ысыгынан дем жетпей жатты, кызматкерлердин мамилеси да көңүл жылытарлык эмес экен"

Россиялык туристтер Тамчы аэропортунун тейлөөсүнө нааразы. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ысык-Көлгө эс алуу үчүн учуп келген орусиялык аял билдирди.

-Бүгүн эртең менен биз Москвадан учуп келип, аэропорттун кызматкерлеринин начар мамилесине таң калдык », - деди ал. - Биринчиден, аба майданынын имаратында эч кандай санитардык стандарттар сакталбайт экен, бардык жерде аралыкты сактоо жөнүндө кулактандыруулар бар, бирок иш жүзүндө аларды сактаган эч ким жок экен. Конуучу залы абдан тар, учактын бардык жүргүнчүлөрү ага каттоодон өтүү үчүн бирдей киришкен.

- Бир гана рейс келгенине карабастан, мен бир саат кезекте турдум, - дейт турист ачууланып. - Имараттын ысыгына киши чыдагыс, балалуу жүргүнчүлөргө жаман болду. Балдар чыдабай ыйлап жатышты, ата-энелери жок дегенде балдарды чыгарууга суранып жатышты. Ал эми жүктөрдү жөн эле полго ыргытып коюшуптур. Айрыкча каттоо кызматкерлеринин мамилесин белгилегим келет - начар кабыл алып жатышты. Биз чындыгында Ысык-Көлдө эс алганды абдан жакшы көрөбүз жана ушул аэропортко учуп келе алганыбызга кубандык, бирок  аэропорт жагымсыз таасир калтырды. Бизди эч ким күтпөгөндөй сезилди.

Фото Vesti.kg

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх