Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Олимпиада оюндарынын катышуучусун "Биз сени менен сыймыктанабыз!" деп аэропорттон тосуп алышты

Спортчу 48-орунду ээлеген

Токиодогу Олимпиада оюндарынын катышуучусу Каныкей Кубанычбекова Кыргызстанга кайтып келди. Аны жакындары менен достору "Манас" аэропортунда "Каныкей, биз сиз менен сыймыктанабыз!" Сен мыктысың!" деген плакаттар менен тосуп алышты.

Эске салсак, ок атуу боюнча кыргыз спортчусу Каныкей Кубанычбекова 24-июлда Олимпиада оюндарында оюн көрсөтүп, 48-орунду ээлеген. Буга чейин Токиодо жүргөндө Кубанычбекова кыргызстандыктарга видео кайрылуу жиберген эле. Андан кийин ал жеңишке жетише албагандыгын, бирок Олимпиада оюндарынан чоң мотивация алгандыгын белгилеген.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх