Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Киев-Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги башаламан соода жоюлду

Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын билдиришти

Биринчи май акимиаты стихиялуу сооданы жок кылуунун үстүндө иш жүргүзүп жатканын муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. Администрациянын өкүлдөрү Киев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишине рейд өткөрүп, башаламан сооданы жоюшту.

Бул багыттагы иштер Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасынын алкагында жүргүзүлүүдө. Буга чейин сатуучуларга Бишкек шаарынын мэриясынын буйругунун аткарылышы жөнүндө эскертме берилип, административдик жоопкерчилик жөнүндө эскертүү берилген.

Сатуучулар эскертүүлөрдү аткаруудан баш тарткандыгына байланыштуу,  акимиаттын адистери Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 293-беренеси боюнча 12 миң сомдук 4 протокол түзүүгө аргасыз болушкан.Болжол менен 8 уруксатсыз соода түйүндөрү жок кылынды.

Бул багыттагы иштер улантылууда.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх