Токио Олимпиадасы: Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты
- жолу 0 кароо
Эртен кыргыздын балбан кызы алтын медал үчүн күрөшөт
62 килограмм салмакта эркин күрөшчү Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын финалына чыкты.
Жарым финалда кыргызстандык күрөшчү украиналык спортчу Ирина Коляденкону 10: 0 эсебинде ишеничтүү утуп алды.
Буга чейин 1/2 финалына чыгуу үчүн Тыныбекова Румыниянын спортчусу Криста Инцени 6: 0 эсебинде жеңген. Ал ошондой эле латвиялык спортчу Анастасия Григорьеваны 8: 0 эсебинде жеңди.
Көптөгөн күйөрмандардын арасында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жана башкалар дагы Ала-Тоо аянтына келип, кыргыз элин колдошту.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз