Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси болду

Спортчу япониялык Юкако Кавайга 3: 4 эсебинде утулуп калды

Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси болду.

Финалда ал япониялык спортчу Юкако Кавай менен беттешип, 3: 4 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.

Эске салсак, Тыныбекова биринчи кармашта латвиялык спортчу Анастасия Григорьеваны 8: 0 эсебинде жеңип алган.

Жарым финалга чыгуу үчүн кыргызстандык айым Румыниянын спортчусу Криста Инсени 6: 0 эсебинде жеңдген эле.

Ал эми финалдык мелдешке чыгууда мекендеш украиналык спортчу Ирина Коляденкону 10: 0 эсебинде жеңген.

Белгилей кетсек, бул буга чейин кыргызстандыктардын Токиодогу Олимпиада оюндарында алган үчүнчү медалы. Акжол Махмудов күмүш медалга ээ болсо, Мээрим Жуманазарова коло медалга ээ болду.

Канышай Балкыбекова,
Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх