Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Колдооңуз үчүн чоң рахмат". Хабиб Нурмагомедов Садыр Жапаров менен жолугушту

Спортчу келерки жылы Кыргызстанга келүү ниети бар экенин белгиледи

Садыр Жапаров UFCнин атактуу мушкери Хабиб Нурмагомедов менен жолугушту. Инстаграмдагы баракчасына сүрөттөрдү спортчу өзү жайгаштырган.

Нурмагомедов президентке EFC турнирин уюштурууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга дагы келүү ниети бар экенин белгиледи.

«Садыр Жапаров, сиз менен таанышканыма кубанычтамын. Сиздин өлкөдө EFC турнирин уюштурууга жардамыңыз жана колдооңуз үчүн чоң рахмат. Келерки жылы бул жакка турнир менен кайтып келебиз », - деп жазган ал.

Эске салсак, Хабиб Нурмагомедов өзүнүн басылмаларынын биринде аны Кыргызстанда кантип тосуп алышканын көрсөткөн. Видеодо тосуп алгандардын аарасында президенттин жана УКМКнын башчысынын уулдары Таймурас Ташиев менен Рустам Жапаровдун бар экени көрсөтүлгөн.

Канышай Балкыбекова
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх