Мэрияда Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдыктар талкууланды
Райондордун акимдери майрамга даярдык көрүү боюнча пландары тууралуу маалымат беришти
Бишкек шаарынын мэриясында шаар мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдыктар боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Райондордун акимдери майрамга даярдык көрүү боюнча пландары тууралуу маалымат беришкени белгиленген.
Борбордук аянтта майрам уюштуруу боюнча иш планы көтөрүлдү, райондордо майрам уюштуруунун бирдиктүү концепциясы сакталып, жооптуу кызматтар жана кызматкерлер дайындалды, - деп муниципалитеттен билдиришти.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз