Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Магистраль көчөсү оӊдоо үчүн жабылат

Көчөнүн бир жагына ирригация тармагы, экинчи жагына жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк салынат

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынан билдиргендей, 17-августтан тартып Магистраль көчөсүнүн Садырбаевден Кырманга чейинки бөлүгү оӊдоо үчүн жабылат.

Көчөнүн узундугу 560 метр, жолдун туурасы 8 метрди түзөт.

Оӊдоо иштери башталаардын алдында тоскоолдук жараткан 16 телефон мамысы алынат. Ошондой эле, көчөнүн бир жагына ирригация тармагы, экинчи жагына жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк салынат.

Урматтуу шаар тургундары! Тыгындарды алдын алуу үчүн сиздерден унаа менен жүрүү маршрутун алдын ала пландаштырууну суранабыз.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх