Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев ишемби күнү жеке кабыл алуу өткөрөт

Кабыл алуу жазылуу жолу менен жүргүзүлөт

Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев ишемби күнү шаардыктар үчүн жеке кабыл алуу өткөрөт.Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кабыл алуу 10:00дөн 14:00гө чейин жазылуу жолу менен жүргүзүлөт.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз мэрдин жеке кабыл алуусуна жазылууну кааласаңыз,  Чүй проспектиси №166 (бирдиктүү терезе) дарегине кайрылыңыз. Жазылуу үчүн паспорт жана башка документтер  керектелет. Сурап билүү жана кошумча маалымат: 61-07-05.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх