Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акжол Махмудов Олимпиадада кийген трикосун аукционго койду

Олимпиада чемпиону андан түшкөн акча кайрымдуулук фондуна берилерин белгиледи

Олимпиада чемпиону Акжол Махмудов кайрымдуулукка көңүл бурууну кааларын айтып, Токио Олимпиадасында кийип жүргөн трикосу үчүн аукцион жарыялады.

Кичинекей кезимден бери Олимпиаданын алтын медалын алууну кыялчумун, ошону менен бирге муктаж адамдарга да жардам берүүнү каалачумун, - деп жазган ал. - Мекениме кайтып келгенден кийин, мен элим үчүн жакшы иштерди кылууга даяр экенимди түшүндүм: мектептерди, мечиттерди, жолдорду куруу, муктаж болгондорго жардам берүү. Ал эми бүгүн кыялымды ишке ашыруу үчүн кайрымдуулук ишиме биринчи кадам таштагым келет! Учурда менде жардамга муктаж болгондорго жардам берүүнүн бирден бир мүмкүнчүлүгү - Олимпиадада кийип жүргөн трикомду аукционго коюу. Мен ага кол тамгамды да кошуп берем каалоочуга.

Спортчу көптөн бери батирде ижарада жашагандыктан, Олимпиаданын сыйлык акчасына үй-бүлөсүнө үй сатып алууну пландап жатканын айтты.

"Мен аукциондон түшкөн каражатты кайрымдуулук фондуна которууну пландап жатам" дейт Махмудов. - Баарыңар билесиңер, Токио Олимпиадасы мен үчүн биринчи болду. Бир нече жылдан бери Бишкекте ижарага алынган батирде жашагандыктан, мамлекеттин сыйлык акчасына үй-бүлөмө үй сатып алууну пландап жатам. Мени колдооңуздарды суранам! Эгерде аукциондо Бишкек шаарынын тургуну утса, мен трикону жеке өзүм тапшырам.

Балбандын Олимпиадада кийген спорттук кийиминин баштапкы баасы 50 доллар деп көрсөтүлгөн. Аукцион августтун аягына чейин уланат.

Каалоочулар коюмдарды Инстаграм социалдык тармагындагы Акжол Махмудовдун акыркы басылмасынын астына  же спортчуга жеке билдирүү аркылуу да жазса болот.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх