Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айбек Жунушалиев шаардыктарды жеке кабыл алды

Ишемби сайын Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу борбор калаанын тургундары үчүн жеке кабыл алуу өткөрөт

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев шаардыктар үчүн жеке кабыл алуу өткөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Айбек Жунушалиев 17 шаар тургунун кабыл алды. Негизинен, суроолор менчиктештирүү, турак жай бөлүштүрүү, чек араларды аныктоо жана жерди ижарага берүү мөөнөтүн узартуу боюнча болду. Ал ошондой эле куруучулар штабынын өкүлдөрүн кабыл алды.

"Бишкектиктерди жеке кабыл алууга  алдын ала жазылуусун суранабыз. Бул көтөрүлгөн маселелердин тез арада чечилишине өбөлгө түзөт", - деп билдиришти мэриядан.

Бишкектиктердин ыңгайлуулугу үчүн ишемби күнү жеке кабыл алуу өткөрүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх