Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айсулуу Тыныбекова: 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадада алтын медаль үчүн бардык күчүмдү жумшайм

Спортчу сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөп, колдоосу үчүн элге ыраазычылыгын билдирди

Олимпиаданын медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова алдыда 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышаарын жарыялады.

"Мен күмүш медалымды өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арнайм. 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадага катышам. Колдооңуздар үчүн баарыңыздарга рахмат. Мен алдыдагы Олимпиада оюндарынын алтын медалын алуу үчүн болгон күчүмдү жумшайм",-деди Айсулуу Тыныбекова.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх