Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жума намаздын күнү шаардык мечиттерде имамдар түшүндүрүү жана тарбиялык маанидеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшмөкчү

Мындай кадам өлкөдө диний экстремизм жана терроризмдин пайда болушуна жол бербөө максатында жасалмакчы

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында "Талибан кыймылынын пайда болушу жана Ооганстандагы абал" деген темада жолугушуу өттү. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурбек Калыкеев, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын, афган диаспорасынын, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын казысы, борбордун төрт районунун имам хатибдери, ошондой эле экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери катышты.

"Бул жолугушууда укук коргоо органдары Талибан кыймылынын учурдагы абалы жана башка террордук уюмдардын коркунучтары тууралуу маалыматты көрсөтүп, аныкташты", - деп айтылат билдирүүдө. «Мындан тышкары, ар бир катышкан уюмдардын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана жетекчилери экстремисттердин шаарга кирүүсүн алдын алуу боюнча өз сунуштарын айтышты. Ыкчам өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташуунун негизги багыттары активдүү талкууга алынды. Жыйынтыгында тегерек столдун катышуучулары бир нече маанилүү чечимдерди кабыл алышканы белгиленди.

Маалым болгондой, шаардык мечиттерде диний экстремизм жана терроризмдин пайда болушуна жол бербөө максатында, имамдар жума намазынын алдында жарандар арасында түшүндүрүү жана тарбиялык маанидеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх