Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын аялдарынын биринчи Курултайы Токмокто өтүүдө

Ага жүздөн ашуун аял катышат

Бүгүн, 25-августта, Токмокто Кыргызстандын аялдарынын биринчи Курултайы өтүп жатат. Бул тууралуу иш-чаранын катышуучулары билдиришти.

Курултайга Чүй облусунун бардык аймактарынан 100дөн ашык активист аялдар катышары белгиленген.

Бул иш-чара Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Аялдардын укуктары жана гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңештин жана аял-депутаттар форумунун колдоосу менен активист аялдар тарабынан демилгеленген.

Асел Карымшакова "Миграцияда аялдардын ролу" деген теманы тааныштырып жана жумушчу топко миграция маселелери боюнча бир катар сунуштарды берди деп билдиришти катышуучулар. Курултайдын жыйынтыгы боюнча резолюция иштеп чыгуу жана чечим кабыл алуучуларды гендердик теңчиликке жетүү үчүн реалдуу аракеттерди көрүүгө жана аялдардын лидерлигин өнүктүрүү үчүн татыктуу шарттарды түзүүгө чакыруу пландалууда.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх