Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айлана-чөйрөнү коргоо - Кумтөрдүн ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыты

Убактылуу тышкы башкаруучу ишке келгенден бери ишкананын жер астынан казууга өтүүсү жана башка жаңылануулар

“Кумтөр Голд Компанинин” (KGC) Убактылуу тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүктүн демилгеси менен айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чаралардын комплекси иштелип чыкты жана иш жүзүнө ашырылууда.

Алар мамлекеттик комиссиянын отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү менен бирге жүргүзүлөт.

“Центерра” узак жылдар бою “Кумтөр” кениндеги экологиялык көйгөйлөрдү жашырган, бул мамлекеттик комиссиянын отчетунда экоцид катары белгиленген абалга алып келген. Ондогон жылдар бою талкаланган нерсени оңдоо үчүн албетте үч ай жетишсиз, бирок Убактылуу тышкы башкаруучусун командасы ушул кыска мөөнөттө жасаган иштери чоң таасир калтырууда.  Биринчи кезекте бул принципиалдуу ыкма – Мөңгүлөр баарынан маанилүү! Ушуга байланыштуу жер астындагы казып алууга өтүү боюнча стратегиялык чечим кабыл алынган.

“Бул иш эми башталды. Биз ресурстук геологдорду чакырабыз жана Кумтөрдүн запастарын кайра эсептей баштайбыз. Жер астындагы кендер кайсыл жерде, кандай өлчөмдө жана сапатта болоорун так билүү керек болуп турат. Кийинки жазда биз жер астындагы кен долбоорлор түзүүчүлөрүнүн келишин күтөбүз, алар менен 2008 жылы башталган жана белгисиз себептер менен 2012 жылы токтоп калган ишти жандандырабыз. Бул өтө жөндөмсүз, туура эмес чечим болгон”, – деп баса белгиледи КГКнын Убактылуу тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк.

Бир кезде канадалык компания тарабынан экологияны дагы бир ойрон кыла турган чечим кабыл алынган болчу – бийик тоолуу Петров көлүнөн Алтынды ылгоо фабриканын муктаждыктары үчүн сууну сордуруу. Канадалыктар Кыргызстандагы суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жөнүндө ойлонушкан эмес. Бирок көйгөйдү башкача жоюу чечими албетте анык болуп турган.  Тышкы башкаруучунун тапшырмасы боюнча фабрика акырындык менен карьерден өндүрүштүк сууну колдонууга өтүүдө, аны дайыма сордуруп алып туруу керек. Циркуляциялык суу менен камсыздоонун киргизилиши өндүрүш процессине таасирин тийгизбейт, бирок эми мөңгү көлүнүн суусу үнөмдөлөт, ал турак жай лагеринин тиричилик муктаждыктары үчүн гана колдонулат.

КГКнын улук гидрогеологу Кирилл Алексеев мындайча түшүндүрөт: «Мурда фабрикага саатына 230-240 куб карьер суусу берилип турган, күнүмдүк керектөөсү саатына 750 куб метрге жакын болгон. Бул жылы суунун берүүсү саатына 430-460 кубга чейин өстү. Биз долбоорду иштеп чыктык, биз ноябрда ишке ашырууну баштайбыз, саатына 690 куб метрге чейин жеткирүүнү пландап жатабыз, башкача айтканда фабриканын керектөөлөрүн 90% га жабабыз ”.

Мамлекеттик комиссиянын эскертүүлөрүнүн бири бул өнөр жай калдыктарын тазалоочу курулмалардын эффективдүүлүгу болгон. Бул дүйнөдөгү эң бийик орнотмо. Убактылуу тышкы башкаруучунун тапшырмасы менен бул комплекс модернизацияланган. Жаңы түйүндөрдү жана агрегаттарды кургандан кийин тазалоочу жабдуулар натыйжалуу иштей баштады. Тазартылган суунун сапатын адистер үзгүлтүксүз көзөмөлдөшөт.

Бүгүнкү күндө Кумтөрдө айлана чөйрөнү коргоого байланыштуу бардык өндүрүш процесстери жаңыланат. Кумтөр экологиялык компанияга айланып баратат, ал тургай подрядчылар жооптуу болгон экинчи сырьёсун кайра иштетүү жумуштарын азыр компаниянын экологдор тарабынан катуу көзөмөлгө алынууда.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (КГК) өз ишинде ачыктык жана айкындуулук философиясын сактап келет. КГКнын ишкердиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш ийет.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх