Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мигранттар Гореловодо мушташ уюштурушту. Алардын арасында бир кыргызстандык бар

Кылмыш иши козголду

22 -августта Красносельский районундагы Гореловодо мигранттар мушташ уюштурушкан. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Көрсөтүлгөндөй, 22 -августта саат 20.43тө милицияга Красносельский шоссесиндеги 54/6 үйдө 25 адамдын катышуусунда мушташ болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерден 22 жаштагы Өзбекстандын жараны оор абалда, көкүрөгүндөгү жаракат менен №26 шаардык ооруканага жаткырылган.

Милицияга 14 мигрант жеткирилгени такталды: Өзбекстандын тогуз жараны, Тажикстандан келгендердин төртөө жана Кыргызстандын жараны.

Бешөө 500 рубль айыпка жыгылды, сегиз адам келүү милдеттенмеси боюнча бошотулду, бирөө камакта калды.

Ден соолукка зыян келтирүү жана бейбаштык фактылары боюнча кылмыш иши козголду.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх