Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбор калаадагы Эгемендүүлүк күнү түстүү фейерверктер менен аяктады

Аянтта ошондой эле концерт болду

Ала-Тоо башкы аянтында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен борбордук кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиевдин катышуусунда Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата кечки майрамдык иш-чара өттү.

Айбек Жунушалиев шаардыктарды жана борбордун конокторун өлкөнүн башкы майрамы менен куттуктап, аларга чың ден- соолук жана бакубатчылык каалады. Ошондой эле  эстен кеткис датага карата белгилеген марафончулардын майрамы болду.

Суусамырдан Ала-Тоо аянтына узундугу 164 чакырым болгон жолду баскан Талас, Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынан баштаган Оболбек Осмонбеков кечинде борбордук аянтка келди. Аны Улуттук гвардиянын прапорщиги Рапиев Кайратбек Жанышевич куттуктады. 

Андан ары, шаардыктарды жана Бишкек шаарынын конокторун ата мекендик артисттердин концерти, от жагуу шоусу күтүп турду, ошондой эле Азербайжандын Эл артисти, советтик ырчы Полд Булбул оглу да сахнага чыкты. Ал эми майрам түстүү алты мүнөттүк фейерверк менен аяктады.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх