Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте коомдук транспортторго санкциялар күчөтүлдү

127 троллейбус текшерүүдөн өттү

Жаңы окуу жылынын башталышына байланыштуу Бишкек троллейбус дирекциясынын көчмө бригадасы троллейбустарда санитардык нормаларды сактоого көзөмөлдү күчөттү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, рейд Бишкектин эң көп жүргөн алты аялдамасында жүргүзүлгөн.

Кызматкерлер жүргүнчүлөр менен коомдук транспортто маска режимин жана аралыкты сактоо жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Ошондой эле троллейбустун ички тазалыгын, айдоочулардын келбетин жана кол тазалоочу каражаттардын иштөө абалын текшеришти.

127 троллейбус текшерилген.

Белгиленгендей, мындай рейддер жумасына эки жолу жүргүзүлөт.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх