Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Беттештин алдында кыргыз футболчулары оюн талаасына Олимпиаданын медалисттеринин сүрөтү түшүрүлгөн футболка менен чыгышты

Футболкаларда Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарованын сүрөтү түшүрүлгөн

Палестина командасы менен оюн алдында Кыргызстандын Футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары Олимпиада медалисттеринин сүрөтү түшүрүлгөн футболкаларды кийип  чыгышты. Бул тууралуу спортчу Айсулуу Тыныбекова билдирди.

- Рахмат жигиттер! Керемет басылмалар! - деп жазган. - Кыргызстандын Футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары, Палестинанын футболчулары менен оюн алдында, биздин сүрөттөр түшүрүлгөн футболкаларды кийип талаага чыгышты. Биз силер үчүн кубанычтабыз!

Белгилей кетсек, футболкаларда Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова тартылган.

 

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх