Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык жарыш өтөт

Жөө күлүктөрдүн кирүү төлөмдөрүнөн түшкөн каражаттын бир бөлүгү камера тузактарын орнотууга жумшалат

26-сентябрда, саат 07.00дө, Бишкек шаарында, баардык спорт ышкыбоздору үчүн, көптөн күткөн Ак илбирсти сактоо боюнча "Toyboss Snow Leopard Run" 2021 жарышы старт алат. Иш -чаранын уюштуруучулары - Nomad Sport коомдук бирикмеси.

Ак илбирс жарышы деген эмне?

Бул Кыргызстандагы эң чоң жарыш болуп саналат, анда миңдеген адамдар борбордун чоң көчөлөрүндө, шаардын эстеликтеринин жана архитектуралык имараттардын жанынан чуркап өтүшөт. Брбордо бул ишчара экинчи жолу өткөрүлүп, ага 4000ден ашуун катышуучу тартылаары пландалууда.

Жарыштын негизги максаты – бул чуркоочулардын кирүү төлөмдөрүнөн түшкөн каражаттын бир бөлүгүн GSLEP - Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программага жумшоо болуп саналат.

2019 -жылкы жарыштан түшкөн төлөмдөрдүн 1 426 700 сому фототузактарды сатып алууга бөлүнгөн. Быйыл күзүндө тоолуу аймактарга, илбирстер көп кездешчү жерлерге фототузактарды орнотуу пландалууда.

Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен бул жылы ишчара бир катар чектөөлөр жана социалдык аралыкты сактоо менен өткөрүлөт. Катышуучуларга беткаптар жана эпидемиологиялык коопсуздук чаралары боюнча көрсөтмөлөр жарым марафон старт алуучу борбордук "Ала-Тоо" аянтынан берилет жана ошондой эле антисептик менен жабдылган түркүктөр уюштурулат.

Жарыштын алкагында катышуучулар үч аралыкты тандап алышат: 5, 14 жана 21,1 км. Ошондой эле 3 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн чуркоо уюштурулат. 10 жашка чейинки балдар 1 чакырымга, 14 жаштан улуу балдар 5 чакырымга чейинки жарышка катыша алышат. Башка аралыктарга (14 жана 21,1 км) 18 жаштан жогоркуларга гана катышууга уруксат берилет.

Быйыл титулдук өнөктөштүн байге фонду 200 миң сомдун тегерегинде болот. Бул байге үчүн 21,1 км аралыктагы жарым марафондун катышуучулары ат салыша алышат. Toyboss Snow Leopard Run-2021 жарышына катышуунун шарттары жана баасы тууралуу маалыматты nomadsport.net сайтынан же (+996) 554 60-07-07 телефон номери аркылуу билүүгө болот.

Жарыштын 1 километр аралыктан башкасы, эски маршрут боюнча жүргүзүлөт.

14-сентябрь

Марафонго карата даярдыкка байланыштуу саат 7: 00дөн 18: 00гө чейин Чүй проспектиси Панфилов көчөсүнүн баштап Эркиндик бульварына чейин жабык болот.

15 -сентябрь

Саат 7: 00дөн баштап Манас жана Чүй проспектилери, Абдрахманов / Байтик баатыр көчөсү, Иманалиев көчөлөрү менен чектешкен аянтта жол жабылат. Ошол эле учурда, негизги жолдорду кесип өткөн көчөлөр күтүү режиминде кыймыл үчүн ачык болот (трассада чуркоочулар жок болгон кезде, багыт берүүчүнүн белгиси аркылуу өтө аласыз).

Мындан тышкары, төмөнкү аймактар:

саат 7: 00дөн баштап - Мира проспектиси (Манас), Чүй проспекти менен, Абдрахманов (Байтик батыр) - Масалиев көчөлөрү менен чектешкен эки район ​​жабылат. (картадан караңыз).

Көчөлөрдүн ачылышынын графиги

08:20 - Чүй проспектиси Абдрахманов (Совет) көчөсүнө чейин;

08:28 - Абдрахманов (Совет) Горькийге;

08:43 - Байтик баатыр (Совет) Ахунбаевге;

08:55 - Байтик баатыр (Совет) Масалиевге;

09:11 - Масалиев (түндүк тарабы) Совет көчөсүнөн Айтматовго чейин;

09:25 - Байтик баатыр Иманалиевге;

09:28 - Иманалиев Айтматовго (Тынчтык);

09:52 - Айтматов Масалиевге (түштүк тарапта);

10:08 - Масалиев (түштүк тарабы) Айтматовдон "Ала -Тоо" ресторанына чейинки бөлүк;

10:22 - Айтматов Ахунбаевге;

10:35 - Айтматов Горькийге;

10:46 - Айтматова Москвага;

10:51 - Айтматова Чүй проспектисине чейин;

10:55 - Чүй проспектинен Тоголок Молдого чейин;

11:00 - Чүй проспектинен Панфиловго чейин;

12:00 -Абдымомунов көчөсү Раззаков көчөсүнөн баштап Панфиловго чейин; Панфилов көчөсү Абдымомунов көчөсүнүн баштап Чүй проспектисине чейин;

Чүй проспекти Панфилов көчөсүнөн Раззаков көчөсүнө чейин;

Раззаков көчөсү Чүй проспектисинен Абдымомунов көчөсүнө чейин.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх